# 61-берене. Конституциялык палатаны түзүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 26 июня 2013 года № 105 "О внесении изменения в конституционный Закон Кыргызской Республики «О Конституционной палате Верховного суда Кыргызской Республики»](https://aqlex.ai/kg/doc/203913)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2013 [Конституционный Закон КР от 26 июня 2013 года № 105 "О внесении изменения в конституционный Закон Кыргызской Республики «О Конституционной палате Верховного суда Кыргызской Республики»](https://aqlex.ai/kg/doc/203913); 26.05.2012 [Конституционный Закон КР от 26 мая 2012 года № 66 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203666)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281#diff=1137345..1137346>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 61-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-61

---

1. (Биринчи абзац 2012-жылдын 26-майындагы №66 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун таратылгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулган Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары Конституциялык палатанын судьялык бош кызмат ордун ээлөө сынагына жаңы Конституцияга ылайык катыша алышат.

2. Конституциялык палата анын ыйгарым укуктуу курамы түзүлгөндөн кийин Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун басарын, судья-катчысын ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте шайлайт жана токтоосуз ишке киришет.

3. Конституциялык палата Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун укук мураскору болуп саналат. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө киргенге чейин белгиленген Конституциялык соттун көз карандысыздыгынын материалдык кепилдиги, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту мурда ээлеген өзүнчө имарат Конституциялык палатада сакталып калат.

Конституциялык палатанын ишин материалдык-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун мүлкүнүн базасында Өкмөт тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2010-жылга бекитилген бюджетинин чегинде жүргүзүлөт. (КР 2012-жылдын 26-майындагы № 66, 2013-жылдын 26-июнундагы № 105 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-60)  
Кийинки берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-62)
