# 6-берене. Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун басарын жана судья-катчысын шайлоонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 6-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-6

---

1. Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы өзүнүн курамынан төраганы, төраганын орун басарын жана судья-катчыны үч жылдык мөөнөткө шайлайт.

Бир эле судья Конституциялык палатанын төрагасы, төраганын орун басары болуп катары менен эки мөөнөткө шайлана албайт.

2. Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы ага Конституциялык палатанын судьяларынын курамынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда укук ченемдүү болуп эсептелет.

Төраганы, төраганын орун басарын, судья-катчыны шайлоо боюнча Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы Конституциялык палатанын жашы улуу судьясынын төрагалыгы алдында өтөт. Конституциялык палатанын төрагасынын, төраганын орун басарынын жана судья-катчысынын кызматына талапкерлер Конституциялык палатанын судьялары тарабынан же өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен көрсөтүлүшү мүмкүн.

3. Конституциялык палатанын төрагасы, төраганын орун басары жана судья-катчысы жашыруун добуш берүү менен шайланат. Шайлоону өткөрүүнүн тартиби Конституциялык палатанын регламентинде аныкталат.

Эгерде алар үчүн Конституциялык палатанын судьяларынын курамынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берсе, Конституциялык палатанын төрагасы, төраганын орун басары жана судья-катчысы шайланган болуп эсептелет.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-7)
