6-берене. Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун басарын жана судья-катчысын шайлоонун тартиби
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133.
1. Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы өзүнүн курамынан төраганы, төраганын орун басарын жана судья-катчыны үч жылдык мөөнөткө шайлайт.
Бир эле судья Конституциялык палатанын төрагасы, төраганын орун басары болуп катары менен эки мөөнөткө шайлана албайт.
2. Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы ага Конституциялык палатанын судьяларынын курамынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда укук ченемдүү болуп эсептелет.
Төраганы, төраганын орун басарын, судья-катчыны шайлоо боюнча Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы Конституциялык палатанын жашы улуу судьясынын төрагалыгы алдында өтөт. Конституциялык палатанын төрагасынын, төраганын орун басарынын жана судья-катчысынын кызматына талапкерлер Конституциялык палатанын судьялары тарабынан же өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен көрсөтүлүшү мүмкүн.
3. Конституциялык палатанын төрагасы, төраганын орун басары жана судья-катчысы жашыруун добуш берүү менен шайланат. Шайлоону өткөрүүнүн тартиби Конституциялык палатанын регламентинде аныкталат.
Эгерде алар үчүн Конституциялык палатанын судьяларынын курамынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берсе, Конституциялык палатанын төрагасы, төраганын орун басары жана судья-катчысы шайланган болуп эсептелет.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203281/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>