# 55-берене. Конституциялык палатанын аппараты

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 55-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-55

---

1. Конституциялык палатанын иши анын аппараты тарабынан камсыз кылынат.

2. Мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык, Конституциялык палатанын төрагасы тарабынан дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу аппараттын жетекчиси Конституциялык палатанын аппаратын түздөн-түз жетектөөнү жүзөгө ашырат.

Конституциялык палатанын аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик кызматкерлер болуп саналат, мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарга, ошондой эле эмгек жөнүндө мыйзамдарга ылайык аппараттын жетекчиси тарабынан дайындалат жана кызматтарынан бошотулат.

3. Конституциялык палатанын аппараты:

1) Конституциялык палатанын кадрдык, уюштуруучулук, илимий-талдоочулук, маалыматтык-маалымдамалык, материалдык-техникалык жана башка жактан камсыздалышын жүзөгө ашырат;

2) конституциялык сот өндүрүшү менен байланышпаган маселелер боюнча келгендерди кабыл алат;

3) Конституциялык палатанын дарегине кайрылууларды алдын ала тартипте жана Конституциялык палатанын судьялары тарабынан иликтөөнү талап кылган маселелерге тиешеси болбогон учурларда карайт;

4) ишти жана башка маселелерди жыйналыштарда жана кеңешмелерде кароого даярдоодо судьяларга көмөк көрсөтөт.

5) Конституциялык палатанын актыларынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин иликтейт жана жалпылайт;

6) белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде башка ишти жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-56)
