# 52-берене. Конституциялык палатанын актыларын аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 20 июля 2017 года № 136 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Конституционной палате Верховного суда Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111643)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281#diff=1137346..1137347>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 52-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-52

---

1. Конституциялык палатанын чечимдери жана корутундулары ченемдик укуктук актылары кароонун предмети болгон тараптарга, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына жөнөтүлөт жана мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий басылмаларында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында", Конституциялык палатанын расмий сайтында, ошондой эле зарыл болгондо - жана башка басылмаларда жарыяланат.

2. Эгерде Конституциялык палатанын чечими менен конституциялык мыйзам, кодекс же мыйзам Конституцияга толугу менен же жарым-жартылай карама-каршы деп таанылган, же болбосо Конституциялык палатанын чечиминен укуктук жөнгө салууда боштукту четтетүү зарылдыгы келип чыккан учурларда, Өкмөт Конституциялык палатанын чечими анын расмий сайтына жарыялангандан кийин төрт айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңешке көрсөтүлгөн чечимден келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын же мыйзамдын долбоорун киргизет. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралууга жатат.

Конституциялык палатанын чечиминен келип чыгуучу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгелениши мүмкүн. Мындай долбоор Өкмөттүн корутундусу болгондо Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралууга жатат. Мыйзамдарга ылайык ченем чыгаруу ыйгарым укуктарына ээ болгон мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Конституциялык палатанын чечими анын расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен анын айрым бөлүгү конституциялык эмес деп таанылган өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын жокко чыгарат, жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алат же болбосо ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизет.

3. Конституциялык палатанын актыларын аткарбоо, талаптагыдай эмес аткаруу же болбосо аткарууга тоскоолдук кылуу, ошондой эле Конституциялык палатанын ишине кийлигишүү мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 136 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-53)
