52-берене. Конституциялык палатанын актыларын аткаруу
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 8-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133.
Акыркы өзгөртүү: Конституционный Закон КР от 20 июля 2017 года № 136
1. Конституциялык палатанын чечимдери жана корутундулары ченемдик укуктук актылары кароонун предмети болгон тараптарга, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына жөнөтүлөт жана мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий басылмаларында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында", Конституциялык палатанын расмий сайтында, ошондой эле зарыл болгондо - жана башка басылмаларда жарыяланат.
2. Эгерде Конституциялык палатанын чечими менен конституциялык мыйзам, кодекс же мыйзам Конституцияга толугу менен же жарым-жартылай карама-каршы деп таанылган, же болбосо Конституциялык палатанын чечиминен укуктук жөнгө салууда боштукту четтетүү зарылдыгы келип чыккан учурларда, Өкмөт Конституциялык палатанын чечими анын расмий сайтына жарыялангандан кийин төрт айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңешке көрсөтүлгөн чечимден келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын же мыйзамдын долбоорун киргизет. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралууга жатат.
Конституциялык палатанын чечиминен келип чыгуучу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгелениши мүмкүн. Мындай долбоор Өкмөттүн корутундусу болгондо Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралууга жатат. Мыйзамдарга ылайык ченем чыгаруу ыйгарым укуктарына ээ болгон мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Конституциялык палатанын чечими анын расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен анын айрым бөлүгү конституциялык эмес деп таанылган өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын жокко чыгарат, жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алат же болбосо ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизет.
3. Конституциялык палатанын актыларын аткарбоо, талаптагыдай эмес аткаруу же болбосо аткарууга тоскоолдук кылуу, ошондой эле Конституциялык палатанын ишине кийлигишүү мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 136 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
52-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Конституционный Закон КР от 20 июля 2017 года № 136 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Конституционной палате Верховного суда Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
20.07.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…палатанын чечимдери жана корутундулары ченемдик укуктук алынып салынды: актылар кошулду: актылары кароонун предмети болгон тараптарга, мамлекеттик алынып салынды: органдарга кошулду: органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына жөнөтүлөт жана мамлекеттик бийлик кошулду: органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий басылмаларында, алынып салынды: ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын алынып салынды: Жарчысына", ал эми кошулду: Жарчысында", Конституциялык палатанын расмий сайтында, ошондой эле зарыл болгондо кошулду: - жана башка басылмаларда жарыяланат.
2. кошулду: Эгерде Конституциялык палатанын алынып салынды: соттук кошулду: чечими менен конституциялык мыйзам, кодекс же мыйзам Конституцияга толугу менен же жарым-жартылай карама-каршы деп таанылган, же болбосо Конституциялык палатанын чечиминен укуктук жөнгө салууда боштукту четтетүү зарылдыгы келип чыккан учурларда, Өкмөт Конституциялык палатанын чечими анын расмий сайтына жарыялангандан кийин төрт айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңешке көрсөтүлгөн чечимден келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын же мыйзамдын долбоорун киргизет. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралууга жатат.
Конституциялык палатанын чечиминен келип чыгуучу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгелениши мүмкүн. Мындай долбоор Өкмөттүн корутундусу болгондо Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралууга жатат.
Мыйзамдарга ылайык ченем чыгаруу ыйгарым укуктарына ээ болгон мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Конституциялык палатанын чечими анын расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен анын айрым бөлүгү конституциялык эмес деп таанылган өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын жокко чыгарат, жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алат же болбосо ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизет.
3. Конституциялык палатанын актыларын аткарбоо, алынып салынды: талапка ылайык кошулду: талаптагыдай эмес алынып салынды: аткаруу, кошулду: аткаруу же кошулду: болбосо аткарууга тоскоолдук кылуу, ошондой эле Конституциялык палатанын ишине кийлигишүү мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
кошулду: (КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 136 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (127)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 27-декабрындагы N 17-р "жаран Андрей Михайлович Мироновдун жарандар Кушчубай Култаевич Султановдун…Решение · 27.12.2013 · № 17-р
- Таштемир уулу Эркиндин кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-беренесинин 2…Решение · 19.02.2021 · № 04-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 6-мартындагы"Куланбек уулу Айбектин кайрылуусуна байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын…Решение · 06.03.2019
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 16-р "жаран Евгений Владимирович Осинцевдин кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жарандык…Решение · 23.12.2013 · № 16-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 16-сентябрындагы №05-р чечими (Сергей Анатольевич Швайберовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз…Решение · 16.09.2020 · № 05-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы №11-р (Нурханбек Сакенович Момуналиевдин, Рано Тохтасиновна Юлдашеванын кызыкчылыгын…Решение · 23.12.2020 · № 11-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 27-январындагы (Б.И.К. кызыкчылыгында Айнура Мусаевна Осмоналиеванын кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын…Решение · 27.01.2021 · № 03-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 2-декабрындагы ("Реформа" саясий партиясынын төрайымы Клара Сыргакбековна Сооронкулованын, ошондой эле жарандар Нурбек…Решение · 02.12.2020 · № 9-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 17-февралындагы (Турсунбек Осекович Аматовдун кызыкчылыгын көздөгөн Валерьян Ахметович Вахитовдун кайрылуусуна…Решение · 17.02.2021 · № 05-р
- Кыргы Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 18-июнундагы №03-р "Жанатбек Нурдинович Гульжигитовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз…Решение · 18.06.2020 · № 03-р
- Решение Конституционной палаты Верховного суда КР от 14 мая 2014 года № 31-р (по делу о проверке конституционности нормативного положения части 2 статьи 7-2 Закона Кыргызской…Решение · 14.05.2014 · № № 31-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 17-февралындагы № 3-р "Жаран Куватбек Тунгучбекович Шатмановдун "Интерлизинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун…Решение · 17.02.2017 · № 3-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 08-р Азамат Альбертович Мамбековдун кызыкчылыгын көздөгөн Марат Бакаевич…Решение · 01.11.2018 · № 08-р
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2014-жылдын 19-февралындагы № 14-р (Жаран И.Дженалиеванын кайрылуусунун негизинде 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Кыргыз…Решение · 19.02.2014 · № 14-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 12-р "жаран Игорь Алексеевич Трофимовдун кайрылуусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени…Решение · 28.11.2013 · № 12-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы № 18-р "Жарандар Асан Саматович Токтоналиевдин жана Болотбек Сексенбешович Чокморовдун кайрылууларынын…Решение · 26.11.2013 · № 18-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 9-июлу N 39-р "жаран Нурбек Акбарович Токтакуновдун кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик…Решение · 09.07.2014 · № № 39-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 5-мартындагы № 18-р (Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык…Решение · 05.03.2014 · № 18-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 14-январындагы № 01-р "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ыргыз…Решение · 10.06.2015 · № № 08-р
- Решение Конституционной палаты Верховного суда КР от 07 октября 2014 года № 51-р ("по делу о проверке конституционности пункта 2 части 1 статьи 29 Уголовно-процессуального…Решение · 07.10.2014 · № 51-р
127 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203281/st-52" title="52-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>