# 51-берене. Конституциялык палатанын актыларынын юридикалык күчү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 51-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-51

---

1. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө же аны кабыл албоо тууралуу аныктамадан тышкары, Конституциялык палатанын актылары акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт. Конституциялык палатанын чечимдери жана корутундулары жарыяланган учурдан тартып, ал эми башка актылары кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

Ченемдик укуктук актыны же анын бөлүгүн конституциялык эмес деп табуу жөнүндө чечимдин юридикалык күчү ошол эле мазмундагы ченемдик укуктук актыны же анын бөлүгүн кайра кабыл алуу менен жоюлуп кетиши мүмкүн эмес.

2. Конституциялык палатанын актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.

3. Конституциялык палата тарабынан мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын же алардын жоболорунун конституциялык эместигин белгилөө тиешелүү мамлекеттик органдарын жана кызмат адамдарын сот актыларынан тышкары, аларга негизделген, алар тарабынан чыгарылган ченемдик укуктук актыларды Конституцияга жана Конституциялык палатанын актыларына ылайык келтирүүнү милдеттендирет. Аларды ылайык келтирүүгө же жокко чыгарууга чейин түздөн-түз Конституция, ошондой эле Конституциялык палатанын чечими колдонулат.

4. Конституциялык эмес деп табылган, мыйзамдардын жана башка ченемдик актылардын ченемдерине негизделген сот актылары, укуктары жана эркиндиктери козголгон жарандардын даттануулары боюнча ар бир конкреттүү учурда ошол актыны кабыл алган сот тарабынан кайра каралат.

5. Конституциялык палатанын корутундусу менен конституциялык эмес деп табылган күчүнө кире элек эл аралык келишимдер аракетке киргизилиши жана колдонулушу тийиш эмес.

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-52)
