# 48-берене. Конституциялык палатанын актысынын мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 48-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-48

---

Конституциялык палатанын актысында каралып жаткан маселенин мүнөзүнө жараша төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) актынын аталышы, анын чыгарылган датасы жана орду;

2) чечимди же корутундуну токтомдоштурган Конституциялык палатанын өздүк курамы; жыйналыштын катчысы;

3) тараптар жана алардын өкүлдөрү;

4) талаптардын предмети, аны кароонун себептери жана негиздери;

5) Конституциялык палатанын бул маселени кароо укугун белгилеген Конституциянын жана ушул конституциялык Мыйзамдын ченемдери;

6) тараптардын жүйөлөрү;

7) Конституциялык палата тарабынан белгиленген иш жүзүндөгү жана башка жагдайлар;

8) анын жарыяланган же алынган булагын көрсөтүү менен, конституциялуулугу текшерилип жаткан ченемдик укуктук актынын так аталышы;

9) конституциялуулугу текшерилген ченемдик укуктук акт, Конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору же Кыргыз Республикасы үчүн колдонууга кире элек эл аралык келишим;

10) Конституциялык палата кабыл алган актынын пайдасындагы жүйөөлөр, ал эми зарыл болгондо, ошондой эле тараптардын ырастоолорун четке кагуучу жүйөлөөр;

11) Конституциялык палата актыны кабыл алган учурда жетекчиликке алган Конституциянын жана ушул конституциялык Мыйзамдын ченемдери;

12) каралган иштин маңызы боюнча соттун тыянагы;

13) актынын биротоло экендигине жана аны аткаруунун милдеттүүлүгүнө карата көрсөтмө;

14) актынын күчүнө кирүү тартиби, ошондой эле аткаруунун жана жарыялоонун тартиби, мөөнөттөрү жана өзгөчөлүктөрү.

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-49)
