48-берене. Конституциялык палатанын актысынын мазмуну
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 8-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133.
Конституциялык палатанын актысында каралып жаткан маселенин мүнөзүнө жараша төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) актынын аталышы, анын чыгарылган датасы жана орду;
2) чечимди же корутундуну токтомдоштурган Конституциялык палатанын өздүк курамы; жыйналыштын катчысы;
3) тараптар жана алардын өкүлдөрү;
4) талаптардын предмети, аны кароонун себептери жана негиздери;
5) Конституциялык палатанын бул маселени кароо укугун белгилеген Конституциянын жана ушул конституциялык Мыйзамдын ченемдери;
6) тараптардын жүйөлөрү;
7) Конституциялык палата тарабынан белгиленген иш жүзүндөгү жана башка жагдайлар;
8) анын жарыяланган же алынган булагын көрсөтүү менен, конституциялуулугу текшерилип жаткан ченемдик укуктук актынын так аталышы;
9) конституциялуулугу текшерилген ченемдик укуктук акт, Конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору же Кыргыз Республикасы үчүн колдонууга кире элек эл аралык келишим;
10) Конституциялык палата кабыл алган актынын пайдасындагы жүйөөлөр, ал эми зарыл болгондо, ошондой эле тараптардын ырастоолорун четке кагуучу жүйөлөөр;
11) Конституциялык палата актыны кабыл алган учурда жетекчиликке алган Конституциянын жана ушул конституциялык Мыйзамдын ченемдери;
12) каралган иштин маңызы боюнча соттун тыянагы;
13) актынын биротоло экендигине жана аны аткаруунун милдеттүүлүгүнө карата көрсөтмө;
14) актынын күчүнө кирүү тартиби, ошондой эле аткаруунун жана жарыялоонун тартиби, мөөнөттөрү жана өзгөчөлүктөрү.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
48-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (111)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 27-декабрындагы N 17-р "жаран Андрей Михайлович Мироновдун жарандар Кушчубай Култаевич Султановдун…Решение · 27.12.2013 · № 17-р
- Таштемир уулу Эркиндин кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-беренесинин 2…Решение · 19.02.2021 · № 04-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 6-мартындагы"Куланбек уулу Айбектин кайрылуусуна байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын…Решение · 06.03.2019
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 16-р "жаран Евгений Владимирович Осинцевдин кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жарандык…Решение · 23.12.2013 · № 16-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 16-сентябрындагы №05-р чечими (Сергей Анатольевич Швайберовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз…Решение · 16.09.2020 · № 05-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы №11-р (Нурханбек Сакенович Момуналиевдин, Рано Тохтасиновна Юлдашеванын кызыкчылыгын…Решение · 23.12.2020 · № 11-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 27-январындагы (Б.И.К. кызыкчылыгында Айнура Мусаевна Осмоналиеванын кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын…Решение · 27.01.2021 · № 03-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 2-декабрындагы ("Реформа" саясий партиясынын төрайымы Клара Сыргакбековна Сооронкулованын, ошондой эле жарандар Нурбек…Решение · 02.12.2020 · № 9-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 17-февралындагы (Турсунбек Осекович Аматовдун кызыкчылыгын көздөгөн Валерьян Ахметович Вахитовдун кайрылуусуна…Решение · 17.02.2021 · № 05-р
- Кыргы Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 18-июнундагы №03-р "Жанатбек Нурдинович Гульжигитовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз…Решение · 18.06.2020 · № 03-р
- Решение Конституционной палаты Верховного суда КР от 14 мая 2014 года № 31-р (по делу о проверке конституционности нормативного положения части 2 статьи 7-2 Закона Кыргызской…Решение · 14.05.2014 · № № 31-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 17-февралындагы № 3-р "Жаран Куватбек Тунгучбекович Шатмановдун "Интерлизинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун…Решение · 17.02.2017 · № 3-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 08-р Азамат Альбертович Мамбековдун кызыкчылыгын көздөгөн Марат Бакаевич…Решение · 01.11.2018 · № 08-р
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2014-жылдын 19-февралындагы № 14-р (Жаран И.Дженалиеванын кайрылуусунун негизинде 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Кыргыз…Решение · 19.02.2014 · № 14-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 12-р "жаран Игорь Алексеевич Трофимовдун кайрылуусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени…Решение · 28.11.2013 · № 12-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы № 18-р "Жарандар Асан Саматович Токтоналиевдин жана Болотбек Сексенбешович Чокморовдун кайрылууларынын…Решение · 26.11.2013 · № 18-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 9-июлу N 39-р "жаран Нурбек Акбарович Токтакуновдун кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик…Решение · 09.07.2014 · № № 39-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 5-мартындагы № 18-р (Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык…Решение · 05.03.2014 · № 18-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 14-январындагы № 01-р "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ыргыз…Решение · 10.06.2015 · № № 08-р
- Решение Конституционной палаты Верховного суда КР от 07 октября 2014 года № 51-р ("по делу о проверке конституционности пункта 2 части 1 статьи 29 Уголовно-процессуального…Решение · 07.10.2014 · № 51-р
111 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203281/st-48" title="48-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>