# 46-берене. Конституциялык палатанын актыларынын түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 46-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-46

---

1. Конституциялык палата актыларды чечимдер, корутундулар, токтомдор жана аныктамалар түрүндө кабыл алат.

2. Конституциялык палата кайрылууларды кароонун натыйжасында Конституциянын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган ыйгарым укуктары боюнча чечим, ал эми аталган берененин 6-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттары менен корутунду кабыл алат.

3. Конституциялык палатанын чечими жана корутундусу Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылат жана Конституциялык палатанын төрагалык кылуучусу жана судьялары тарабынан кол коюлат.

4. Конституциялык палатанын башка актылары токтом, өзүнчө же протоколдук аныктама түрүндө кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-47)
