# 45-берене. Процесстик коргоо чараларын колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 20 июля 2017 года № 136 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Конституционной палате Верховного суда Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111643)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281#diff=1137346..1137347>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 45-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-45

---

1. Конституциялык палатанын, жыйналыштын катышуучуларынын беделин коргоо жана конституциялык сот өндүрүшүн жүргүзүүнүн талаптагыдай тартибин камсыз кылуу максатында Конституциялык палата тарабынан адамдарды сот жыйналышынын залынан чыгарып жиберүүгө же төмөнкү формалардын биринде көрүнүүчү бузуунун ар бир учуру үчүн администрациялык жоопкерчиликке тартууга жол берилет:

1) соттун процесстик ишине кийлигишкендик, судьяга таасир көрсөткөндүк;

2) ишти даярдоо жана кароо процессинде Конституциялык палатанын талаптарын жүйөөлүү себептерсиз аткарбай койгондук же өз убагында аткарбагандык;

3) Конституциялык палатага жүйөөлүү себептерсиз келбей койгондук же келбей коюунун себептери жөнүндө билдирбегендик;

4) Конституциялык палатанын жыйналышынын тартибин бузгандык, Конституциялык палатанын судьяларына баш ийбегендик, Конституциялык палатада кабыл алынган жол-жоболорду жана этикеттин эрежелерин этибарга албагандык;

5) жыйналыштын катышуучуларынын чыгып сүйлөөсүнүн ырааттуулугун өз алдынча бузгандык;

6) мазактоочу сөздөрдү колдонгондук.

2. Эгерде ушул беренеде көрсөтүлгөн укук бузуулар сот жыйналышынын процессинде айкындалса, процесстик коргоо чаралары Конституциялык палатанын протоколдук аныктамасы боюнча дароо колдонулат.

3. Башка учурларда процесстик коргоо чаралары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте колдонулат.

4. Укук бузуучу айып салуу жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен айыпты төлөөгө милдеттүү. Беш күндүк мөөнөттө айыпты төлөөдөн баш тартса же төлөбөй койсо, Конституциялык палатанын айып салуу жөнүндө аныктамасы аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарга ылайык аткартылат.

(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 136 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-46)
