# 44-берене. Конституциялык палатанын жыйналышынын протоколу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 44-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-44

---

1. Конституциялык палатанын жыйналышында сот жыйналышынын катчысы тарабынан протокол жүргүзүлөт.

2. Сот жыйналышынын протоколунда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

1) сот жыйналышынын өткөрүү орду жана убактысы жөнүндө;

2) иштин аталышы жөнүндө;

3) ишти карап жаткан судьялардын курамы жөнүндө;

4) жыйналыштын катчысы жана процесстин ар бир катышуучусу жөнүндө;

5) күбөлөр жана эксперттер жөнүндө;

6) тараптардын түшүнүктөрү;

7) күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, эксперттердин корутундулары, аларга берилген суроолор жана аларга жооптор;

8) сот жыйналышынын жүрүшүндө болгон бардык иш аракеттер жөнүндө, алар кандай болуп өткөн иретте;

9) сот жыйналышынын жүрүшүндө келип чыккан маселелер боюнча судьялардын пикирлери жана айткандары жана судьялардын добуш берүүсүнүн натыйжалары жөнүндө.

3. Протоколдун толуктугун камсыз кылуу үчүн, стенографияны жана техникалык каражаттарды колдонууга жол берилет, алардын колдонулушу жөнүндө жыйналыштын протоколунда көрсөтүлөт.

Иштин материалдарына протокол жана сот тарабынан колдонулган техникалык каражаттар: фонограмма, видеотасма, кинотасма тиркелет.

4. Протокол жыйналыш аяктагандан кийин беш жумуш күндөн кечиктирбестен таризделүүгө тийиш.

Протоколго Конституциялык палатанын төрагалык кылуучусу жана судья-катчысы тарабынан кол коюлат.

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-45)
