# 41-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 41-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-41

---

1. Конституциялык палата иш боюнча өндүрүштү төмөнкүдөй учурларда токтотот:

1) арыз берүүчү өз талаптарынан баш тартканда, маңызы боюнча Конституциялык палатанын чечими кабыл алынганга чейин тарап маселени өз ыктыяры менен алып салганда;

2) эгерде ишти даярдоонун же кароонун процессинде ал Конституциялык палатанын кароосуна таандык эмес экендиги аныкталса. Мында иш кароосуна таандык болгон орган милдеттүү түрдө көрсөтүлөт;

3) эгерде конституциялуулугу талашылып жаткан акт ишти даярдоо же кароо процессинде жокко чыгарылса же ал күчүн жоготсо, ушул актынын иш аракети менен жеке жана юридикалык жактардын конституциялык укуктары жана эркиндиктери бузулгандан тышкары учурларда;

4) иш боюнча тараптардын бири болуп саналган жеке жак каза болгондо;

5) эгерде иш боюнча тарап катары чыккан юридикалык жак укук мураскорун аныктабастан жоюлганда.

2. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө маселени чечүү Конституциялык палата тарабынан сот жыйналышына катышкан судьялардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Конституциялык палатанын иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктамасы тараптарды Конституциялык палатага ошол эле талап жана ошол эле негиздер боюнча кайтадан кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-42)
