# 40-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтото туруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 40-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-40

---

1. Ишти ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароо мүмкүн болбогон учурларда, Конституциялык палата ал боюнча өндүрүштү келип чыккан тоскоолдуктарды жоюу үчүн зарыл болгон, бирок үч айдан ашпаган мөөнөткө токтото турууга укуктуу. Мында аны кароонун мөөнөтү да токтотулат.

Иш боюнча өндүрүш аны токтото туруу үчүн негиз болгон жагдайлар жоюлганда кайра жаңыртылат. Конституциялык палата тарабынан иш боюнча өндүрүштү токтото туруу башка иштерди кароого тоскоолдук кылбайт.

2. Ишти кароо ал токтотулуп турган учурдан тартып кайра жаңыртылат, ал эми мурда угулган эксперттерди, адистерди жана күбөлөрдү кайталап чакыртуу зарыл учурларда гана жүргүзүлөт. Өндүрүштү кайра баштоодо, Конституциялык палата аныктама чыгарат жана ишке катышуучу адамдарга бул жөнүндө кабарландырылат.

Эгерде Конституциялык палатанын жыйналышы судьялардын башка курамында кайра башталса, ишти кароо кайрадан башталат.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-41)
