# 4-берене. Конституциялык палатанын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 4-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-4

---

1. Конституциялык палата:

1) мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга карама-каршы келген учурда, аларды конституциялык эмес деп табат;

2) Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу тууралуу корутунду берет;

3) Конституцияга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдын долбооруна карата корутунду берет.

2. Конституциялык палата өзүнүн ишин натыйжалуу уюштуруу максатында ошондой эле:

1) Конституциялык палатанын регламентин кабыл алат, Конституциялык палатанын аппараты жөнүндө жобону, чыгымдардын сметасынын чектеринде анын түзүмүн жана штаттык санын бекитет;

2) кайрылуу келип түшкөнүнө байланыштуу бардык мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, алардын кызмат адамдарынан, коомдук бирикмелерден, юридикалык жана жеке жактардан маалыматтарды жана документтерди суратып алууга, ошондой эле адистерди эксперттик жана илимий-консультативдик иштерге тартууга укуктуу;

3) ал тарабынан кабыл алынган актылардын аткарылышына жыл сайын талдоо жүргүзөт жана жалпы маалымат үчүн жарыялайт.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-5)
