# 39-берене. Жыйналышты кийинкиге калтыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 39-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-39

---

1. Конституциялык палатанын жыйналышы төмөнкүдөй учурларда кийинкиге калтырылышы мүмкүн:

1) судьялардын кимдир бирөөсүнүн ооруп калгандыгына же башка себептер менен келбей калгандыгына байланыштуу сот жыйналышында кворумдун бузулушунан улам;

2) катышуусу милдеттүү жана келбей калышы ишти туура чечүүгө таасир тийгизиши мүмкүн деп табылган тараптардын же тараптардын биринин, күбөнүн же эксперттин келбей калышынан улам;

3) эгерде Конституциялык палата каралып жаткан ишти жетиштүү даярдалган эмес деп тапса;

4) талап кылынган материалдардын өз убагында тапшырылбаганынан улам, эгерде алар ишти чечүү үчүн олуттуу мааниге ээ болсо;

5) сот жыйналышынын нормалдуу жүрүшүнө же ишти ар тараптуу кароого тоскоолдук кылган башка жагдайлар болсо, эгерде андай жагдайларды сот жыйналышынын жүрүшүндө жоюу мүмкүн болбосо.

2. Конституциялык палатанын жыйналышын кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим сот жыйналышына катышкан судьялардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Сот жыйналышын кийинкиге калтыруу тууралуу чечим кабыл алууда, Конституциялык палата жыйналыш которулган датаны дайындайт.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-40)
