38-берене. Жабык жыйналыштар
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133.
Конституциялык палата мамлекеттик сырды сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын жеке турмушундагы сырды жана коомдук адептүүлүктү коргоо зарыл болгон учурларда, жабык жыйналышты дайындайт. Ишти жабык жыйналышта кароонун зарылдыгы жөнүндө жүйөөлүү аныктама чыгарылып, ал жыйналыш башталаар алдында жалпыга жарыяланат. Жабык жыйналышка Конституциялык палатанын судьялары, тараптар жана алардын өкүлдөрү катышат. Сот өндүрүшүнө башка катышуучулардын катышуу мүмкүндүгү Конституциялык палата тарабынан аныкталат. Жыйналышты алып баруунун тиешелүү тартибин түздөн-түз камсыз кылуучу Конституциялык палатанын аппаратынын кызматкерлеринин катышуусу судьялар менен макулдашуу боюнча төрагалык кылуучу тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
38-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203281/st-38" title="38-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>