# 36-берене. Судьянын (судьялардын) өзүнүн катышуусун алуу жана анын (алардын) катышуусун алдыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 36-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-36

---

1. Конституциялык палатанын судьясы конституциялык сот өндүрүшүнүн кайсы гана этабында болбосун өзүнүн катышуусун алууну төмөнкү учурларда билдирүүгө милдеттүү:

1) эгерде судья кароонун предмети болуп саналган актыны кабыл алууга мурда кызмат абалына байланыштуу катышса;

2) эгерде ишти чечүүдө судьянын объективдүүлүгү сот өндүрүшүнүн катышуучулары менен туугандык же башка жеке байланыштардан улам күмөн саноого алып келиши мүмкүн болсо;

3) эгерде анын адилеттүүлүгүнө жана калыстыгына таасир тийгизиши мүмкүн болгон башка олуттуу жагдайлар болсо.

Ушул эле негиздер боюнча тараптар судьянын (судьялардын) катышуусун алдырууну билдирүүгө укуктуу.

2. Тараптардын өтүнүчү боюнча, Конституциялык палата ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо, катышуудан баш тартуу жөнүндө маселе чечиле турган судьяны уккандан кийин анын катышуудан баш тарткандыгы жөнүндө жүйөөлүү аныктама чыгарат.

Мында бул ишти кароо үчүн кворумдун бузулушуна алып келсе, анда судьянын (судьялардын) өзү катышуудан баш тартууга (анын (алардын) катышуудан баш тартууга) жол берилбейт, ал жөнүндө Конституциялык палата аныктама чыгарат.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-37)
