# 34-берене. Эксперт

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 34-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-34

---

1. Каралып жаткан ишке тиешелүү маселелер боюнча атайын билимдери бар адам Конституциялык палатанын жыйналышына эксперт катары чакырылышы мүмкүн. Эксперт корутунду берүүгө тийиш болгон маселелер баяндамачы-судья же Конституциялык палата тарабынан аныкталат.

2. Эксперт Конституциялык палатанын уруксаты боюнча иштин материалдары менен таанышууга, тараптарга жана күбөлөргө суроо берүүгө, ошондой эле өзүнө кошумча материалдарды берүү жөнүндө өтүнүч билдирүүгө укуктуу.

3. Корутундуну баяндагандан кийин, эксперт Конституциялык палатанын судьяларынын жана тараптардын кошумча суроолоруна жооп берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-35)
