# 33-берене. Күбөлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 33-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-33

---

1. Аныкталуусу Конституциялык палатанын карамагына берилген иш жүзүндөгү жагдайларды изилдөөнүн зарылчылыгы болгондо, андай жагдайлар жөнүндө маалыматтары же материалдары бар жактар күбө катары чакырылышы мүмкүн.

2. Күбө Конституциялык палатага каралып жаткан иштин маңызына тиешелүү, жеке өзүнө белгилүү жагдайларды билдирүүгө жана Конституциялык палатанын судьяларынын жана тараптардын суроолоруна жооп берүүгө милдеттүү. Зарыл болгондо ал жазуу жүзүндөгү белгилөөлөрүн, ошондой эле документтерди жана башка материалдарды пайдалана алат.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-34)
