# 32-берене. Тараптар жана алардын өкүлдөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 20 июля 2017 года № 136 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Конституционной палате Верховного суда Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111643)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281#diff=1137346..1137347>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 32-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-32

---

1. Конституциялык сот өндүрүшүндө тараптар деп төмөнкүлөр таанылат:

1) кайрылуучу тарап - сунуштамалары жана өтүнүчтөрү өндүрүшкө кабыл алынган жактар же органдар;

2) жоопкер-тарап - ченемдик укуктук актыны чыгарган, ага кол койгон орган же кызмат адамдары же конституциялуулугу жөнүндө маселе коюлуп жаткан Конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун, эл аралык келишимди ратификациялоону, бекитүүнү же Кыргыз Республикасы үчүн башка ыкма менен күчүнө киргизүүнү демилгелеген субъекттер.

2. Тараптар өз ишин жеке же өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу алып барышы мүмкүн. Тараптардын ар бири үчтөн ашык эмес өкүлгө ээ болушу мүмкүн.

Өкүлдөрдүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган тартипте жол-жоболоштурулат.

3. Конституциялык палата тарабынан суроо-талабы өндүрүшкө кабыл алынган судья (судьялар) тарап деп таанылбайт, жыйналышка чакырылбайт.

4. Тараптар бирдей процесстик укуктардан пайдаланат.

Тараптар жана алардын өкүлдөрү иштин материалдары менен таанышууга, алардан ичинен жазып алууларды жүргүзүүгө, көчүрмөлөрдү алууга, далилдерди берүүгө, далилдерди иликтөөгө катышууга, процесстин жүрүшүндө келип чыккан бардык маселелер боюнча өз жүйөлөрүн жана пикирлерин билдирүүгө, корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу. Ошондой эле, тараптар өтүнүч билдирүүгө, судьяларга оозеки жана жазуу жүзүндө түшүнүктөрдү берүүгө, берилген сунуштамалар жана өтүнүчтөр боюнча өз пикирин айтууга укуктуу. Кайрылуучу тарап өз талаптарынын негизин же предметин өзгөртүүгө, алардын көлөмүн көбөйтүүгө же азайтууга, талаптардан баш тартууга укуктуу. Жоопкер-тарап аларды толук же жарым-жартылай моюнга алууга же аларга каршы пикирлерин билдирүүгө укуктуу.

5. Ар бир тарап далилдерди берүүгө жана өз талаптарынын жана каршы пикирлеринин негизи катары таянган жагдайларды далилдөөгө укуктуу.

Тараптар өз укуктарын ак ниеттүү пайдаланууга милдеттүү. Сотко атайын жалган маалыматтарды берүү Конституциялык палатаны урматтабагандык катары бааланат жана мыйзам боюнча жоопкерчиликке алып келет. Тараптар жана алардын өкүлдөрү Конституциялык палатанын чакыруусу боюнча келүүгө, көрсөтмө берүүгө жана суроолорго жооп берүүгө милдеттүү. (КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 136 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-33)
