# 30-берене. Ишти кароого даярдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 30-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-30

---

1. Өндүрүшкө кабыл алынган кайрылуу боюнча судья-баяндамачы ишти эки айлык мөөнөттө кароого даярдоону жүргүзөт, бул үчүн ал:

1) иш боюнча тараптарды аныктайт, аларга ушул конституциялык Мыйзамда каралган алардын процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт;

2) тараптарды сурайт;

3) ишке тиешеси бар зарыл документтерди жана башка маалыматтарды кошумча талап кылуу жөнүндө аныктама чыгарат;

4) тиешелүү кызмат адамдарын жана башка адамдарды сурайт;

5) зарыл болгон учурда, жыйналышка чакыртылууга жана чакыртылып келтирилүүгө тийиш болгон күбөлөрдүн, эксперттердин жана башка адамдардын чөйрөсүн аныктайт;

6) ар кандай адамдардын өз ара байланышкан талаптарын бир сот өндүрүшүнө бириктирүү жөнүндө же бир кайрылууда билдирилген караштуулугу жок талаптарды өзүнчө бөлүп чыгаруу жөнүндө маселени чечет;

7) ишти Конституциялык палатанын жыйналышында кароого карата дайындоо жөнүндө аныктама чыгарат, жыйналыштын катышуучуларын кабардар кылат жана зарыл жактардын катышуусун камсыз кылат;

8) болгон материалдар боюнча актынын долбоорун даярдайт;

9) жыйналыш башталганга чейин он күндөн кечиктирбестен иштин материалдарынын көчүрмөлөрүн Конституциялык палатанын бардык судьяларына жана жыйналыштын катышуучуларына тапшырууну камсыз кылат;

10) ишти туура чечүүнү камсыз кылуу боюнча башка аракеттерди жүргүзөт.

2. Билдирилген талаптардын өзгөчө татаалдыгына же алардын өтө маанилүүлүгүнө жараша, ишти кароого даярдоо бир нече судьяларга тапшырылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-31)
