# 28-берене. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 28-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-28

---

1. Кайрылууну сот өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндө маселени катталган учурдан тартып отуз жумушчу күндүн ичинде чечүү үчүн келип түшкөн кайрылуу Конституциялык палатанын төрагасы тарабынан Конституциялык палатанын үч судьядан турган коллегиясына берилет.

2. Кайрылууну жана ага тиркелген документтерди текшерүү коллегиянын судьяларынын бирине тапшырылат. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндөгү же аны кабыл алуудан баш тартуу жөнүндөгү аныктама коллегиянын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган учурда, кайрылууну текшерүү тапшырмасын алган мындан ары судья-баяндамачы деп аталуучу судья жыйналышка ишти даярдоону жүргүзөт, аны кабыл алуудан баш тартылган учурда материалдарды арыз ээсине кайтарып берет.

3. Коллегия кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан төмөнкү учурларда баш тартат:

1) эгерде кайрылуу таризи жана мазмуну боюнча ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келбесе;

2) эгерде кайрылуу тиешелүү эмес органдан же жактан (субъекттен) келип түшсө;

3) эгерде кайрылуу тараптын Конституциялык палатада иш жүргүзүүгө ыйгарым укуктарга ээ болбогон өкүлү тарабынан берилсе же болбосо өкүл ушул конституциялык Мыйзамда каралбаган адам болуп эсептелсе;

4) эгерде кайрылууда билдирилген талап Конституциялык палатанын кароосуна караштуу болбосо;

5) эгерде кайрылууда көрсөтүлгөн маселенин конституциялуугу Конституциялык палата тарабынан текшерилсе жана анын өз күчүн сактаган актысы бар болсо.

4. Конституциялуулугу талашылып жаткан актыны жокко чыгаруу же анын күчүн жоготушу кайрылууну Конституциялык палатанын өндүрүшүнө кабыл алуудан баш тартууга алып келет.

5. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө же болбосо аны кабыл алуу тууралуу аныктама тараптар тарабынан Конституциялык палатага даттанылышы мүмкүн. Конституциялык палата тарабынан бул маселени кароонун жыйынтыктары боюнча өзүнчө токтом кабыл алынат.

6. Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуугу жөнүндө кайрылуусунун өндүрүшкө кабыл алуусу Конституциялык палатада ишти кароо аяктаганга чейин талашылып жаткан эл аралык келишимдердин күчүнө кирүү процессинин токтотула турушуна алып келет.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 15-январындагы N 2-р чечими

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-29)
