# 20-берене. Конституциялык палатага кайрылуу субъекттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 20-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-20

---

1. Конституциялык палатага кайрылуу укугу төмөнкүлөргө таандык:

1) жеке же юридикалык жакка (жактарга), эгерде ал Конституцияда таанылган анын укуктары жана эркиндиктери мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда бузулган деп эсептесе;

2) Жогорку Кеңешке;

3) Жогорку Кеңештин фракциясына (фракцияларына);

4) Президентке;

5) Өкмөткө;

6) Премьер-министрге;

7) Кыргыз Республикасынын судьясына (судьяларына);

8) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына;

9) Башкы прокурорго;

10) Акыйкатчыга (Омбудсменге).

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-6, 8-10-пункттарында көрсөтүлгөн органдар жана кызмат адамдары Конституциялык палатага - сунуштама, башка адамдар - өтүнүч, ал эми судья (судьялар) суроо-талап таризиндеги кайрылууларды беришет.

Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-6, 8-10-пункттарында көрсөтүлгөн органдар жана кызмат адамдары компетенция маселелер боюнча Конституциялык палатага кайрылган учурда, алардын компетенциясына тиешелүү бөлүгүнө гана сунуштама киргизиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-21)
