# 19-берене. Ишти чечүүнүн чектери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 19-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-19

---

1. Конституциялык палата укук маселелерин гана белгилейт жана чечет.

2. Конституциялык палата талаштагы ченемдик укуктук актынын конституциялуулугун текшерүү менен, анын Конституцияга ылайыктуулугун төмөнкүлөр боюнча белгилейт:

1) ченемдердин мазмуну боюнча;

2) ченемдик укуктук актынын таризи боюнча;

3) кабыл алуу, кол коюу, жарыялоо жана колдонууга киргизүү тартиби боюнча.

3. Конституциялык палата Конституцияга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдын долбооруна корутунду берүү менен, анын төмөнкүлөргө ылайыктуулугун белгилейт:

1) адамдын жана жарандын пайдубал укуктарына жана эркиндиктерине, алардын чектөөлөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө;

2) демократиялык, укуктук, дин аралашпаган мамлекеттин принциптерине;

3) Конституциянын 114-беренесинде каралган ага өзгөртүүлөр киргизүү тартибине.

4. Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат. Мында Конституциялык палата кайрылууда баяндалган жүйөөлөргө жана пикирлерге көз каранды эмес.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-20)
