# 18-берене. Иштердин караштуулугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 18-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-18

---

1. Конституциялык палата конституциялык сот өндүрүшүнүн алкагында төмөнкү иштерди карайт:

1) мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга карама-каршы келген учурда, аларды конституцияга ылайык эмес деп табуу жөнүндө;

2) Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө корутунду берүү тууралуу;

3) Конституцияга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдын долбооруна корутунду берүү жөнүндө.

2. Кээ бирөөлөрү Конституциялык палатанын кароосуна таандык, ал эми айрымдары башка мамлекеттик бийлик органдарынын кароосуна таандык болгон бир нече өз ара байланышкан талаптарды бириктирүүдө, Конституциялык палатанын компетенциясына кирген маселелер боюнча талаптар гана каралууга жатат.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-19)
