# 16-берене. Иштин түздөн-түз каралышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 16-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-16

---

1. Конституциялык палата ишти ушул конституциялык Мыйзамда белгилеген тартипте түздөн-түз карабай туруп анын маңызы боюнча чечим жана корутунду кабыл алууга укуксуз.

2. Конституциялык палатанын судьялары жыйналыш ачылган учурдан тартып жабылганга чейин ишти кароого жеке өздөрү катышат.

3. Судьянын жыйналышка катышуусуна тоскоолдук кылган учурларды кошпогондо, судьялардын эч кимиси ишти кароодон четтөөгө укуксуз.

4. Эгерде анын катышуусу кворумду камсыз кылуу үчүн зарыл болсо, жыйналышка жаңы судьянын киришүүсү иш боюнча өндүрүштү соттук териштирүүнүн башталышынан тартып кайрадан баштоого алып келет.

5. Судьялардын кворуму болгондо, судьянын ишти андан ары кароого катышууга мүмкүн эместиги өндүрүштү улантууга тоскоолдук кылбайт, бирок кеткен судьянын судьялардын кеңешмесине жана чечимдерди же корутундуларды кабыл алууга катышуусун жокко чыгарат.

6. Жыйналышка катышкан судьялардын эч кимиси Конституциялык палатанын кеңешмесинде добуш берүүдө калыс калууга укуксуз; чечим жана корутунду жарыяланганга чейин ар бир судья иш боюнча өз көз карашын жеке өзү билдирүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-17)
