16-берене. Иштин түздөн-түз каралышы
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133.
1. Конституциялык палата ишти ушул конституциялык Мыйзамда белгилеген тартипте түздөн-түз карабай туруп анын маңызы боюнча чечим жана корутунду кабыл алууга укуксуз.
2. Конституциялык палатанын судьялары жыйналыш ачылган учурдан тартып жабылганга чейин ишти кароого жеке өздөрү катышат.
3. Судьянын жыйналышка катышуусуна тоскоолдук кылган учурларды кошпогондо, судьялардын эч кимиси ишти кароодон четтөөгө укуксуз.
4. Эгерде анын катышуусу кворумду камсыз кылуу үчүн зарыл болсо, жыйналышка жаңы судьянын киришүүсү иш боюнча өндүрүштү соттук териштирүүнүн башталышынан тартып кайрадан баштоого алып келет.
5. Судьялардын кворуму болгондо, судьянын ишти андан ары кароого катышууга мүмкүн эместиги өндүрүштү улантууга тоскоолдук кылбайт, бирок кеткен судьянын судьялардын кеңешмесине жана чечимдерди же корутундуларды кабыл алууга катышуусун жокко чыгарат.
6. Жыйналышка катышкан судьялардын эч кимиси Конституциялык палатанын кеңешмесинде добуш берүүдө калыс калууга укуксуз; чечим жана корутунду жарыяланганга чейин ар бир судья иш боюнча өз көз карашын жеке өзү билдирүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203281/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>