# 12-берене. Иштерди кароонун коллегиялуулугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 12-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-12

---

1. Конституциялык палатада иштерди кароо жана алар боюнча чечим кабыл алуу коллегиялуу түрдө жүргүзүлөт.

Конституциялык палата өз ишин анын курамында Конституциялык палатанын судьяларынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси болгондо, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда, үч судьядан турган коллегиялар менен жүзөгө ашырат. Коллегиялардын курамы жана түзүү тартиби Конституциялык палатанын регламентинде аныкталат.

2. Судья аны кызматынан четтеткен же ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте өзүнүн катышуусун алып койгон же катышуусун алдырганы жөнүндө маселе канааттандыраарлык чечилгенден тышкары учурларда, Конституциялык палатанын жыйналышына катышуудан четтетилиши мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-13)
