12-берене. Иштерди кароонун коллегиялуулугу
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133.
1. Конституциялык палатада иштерди кароо жана алар боюнча чечим кабыл алуу коллегиялуу түрдө жүргүзүлөт.
Конституциялык палата өз ишин анын курамында Конституциялык палатанын судьяларынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси болгондо, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда, үч судьядан турган коллегиялар менен жүзөгө ашырат. Коллегиялардын курамы жана түзүү тартиби Конституциялык палатанын регламентинде аныкталат.
2. Судья аны кызматынан четтеткен же ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте өзүнүн катышуусун алып койгон же катышуусун алдырганы жөнүндө маселе канааттандыраарлык чечилгенден тышкары учурларда, Конституциялык палатанын жыйналышына катышуудан четтетилиши мүмкүн эмес.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203281/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>