# 11-берене. Көз карандысыздык

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 11-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-11

---

1. Конституциялык палата көз карандысыз жана Конституцияга, ушул конституциялык Мыйзамга жана Конституциялык палатанын регламентине баш ийет.

2. Конституциялык палатанын чечимдери Конституцияга негизделет жана судьялардын ар кандай кызыкчылыктардан эркин болгон укуктук көз карашын билдирет.

3. Конституциялык палатанын судьялары өздөрүнүн эркин билдирүү эркиндигине сырттан таасир тийгизүүнү жокко чыгарган шарттарда чечим кабыл алат.

4. Конституциялык палатанын иш-аракетине кандай гана болбосун кийлигишүүгө жол берилбейт жана мындай кийлигишүү мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-12)
