# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2011-жылга бюджети жана 2012-2013-жылдарга божомолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203280)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2011-жылга бюджети жана 2012-2013-жылдарга божомолу жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.05.2012
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 мая 2012 года № 65 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О бюджете Социального фонда Кыргызской Республики на 2011 год и прогнозе на 2012-2013 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/203665)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203280#diff=404942..404943>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203280/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4321/edition/404942/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203280/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2011-жылга бюджети жана 2012-2013-жылдарга божомолу жөнүндө, 5-берене (25.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203280/st-5

---

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун республикалык бюджеттен 2011-жылга 7816413,9 миң сом суммасында, 2012-жылга болжол - 9721670,6 миң сом суммасында, 2013-жылга - 12488000,0 миң сом суммасында каржылоо бекитилсин, анын ичинде: пенсиянын базалык бөлүгүнө 2011-жылга - 2827237,6 миң сом, 2012-жылга болжол - 4128219,1 миң сом, 2013-жылга - 6473291,2 миң сом; аскер кызматчыларынын пенсиясына (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын жана башкалардын пенсионерлерине) жана аскер кызматчыларын камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку жөлөкпулга 2011-жылга - 1088185,1 миң сом, 2012-жылга болжол - 1261373,7 миң сом, 2013-жылга - 1409631,8 миң сом; пенсияларга (көп балалуу энелерге жана бала кезинен майып балдардын энелерине, бийик тоолуу шарттарда иштегендиги үчүн, алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо жашагандарга, "Кыргызстан аба жолдору" улуттук авиаташуучу" ААКтын учуу жана учуу-сынак курамынын кызматкерлерине, майыптыгы боюнча пенсияларга жана № 2 Тизме боюнча жана "РЕSAC" программасына кирген ишканаларда текстилдик өндүрүш ишканаларында иштегендерге) жана пенсияларга кошумча төлөөлөр (майыптардын, Улуу Ата Мекендик жана башка согуштун катышуучуларынын, Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңиргендердин), компенсацияларга төлөмдөр (Чернобыль атомдук электр станциясы жана башка жарандык жана согуштук милдеттеги атомдук объектилердеги кыйроонун кесепетин жоюунун катышуучуларына, "РЕSАС" программасына кирген ишканаларда эмгектик мертинүү же кесиптик оору боюнча багуучусунан айрылгандарга, иш берүүчүнүн кайра уюшулушуна же жоюлушуна байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча) 2011-жылга - 2155892,2 миң сом, 2012-жылга болжол - 2568211,0 миң сом, 2013-жылга - 2825076,2 миң сом; пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө 2011-жылга - 1745099,0 миң сом, 2012-жылга болжол - 1763866,8 миң сом, 2013-жылга - 1780000,8 миң сом. Өткөн отчеттук жылдагы республикалык бюджеттен ассигнованиелер боюнча пайдаланылбай калган акча каражаттарынын калдыгы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине кайтарылууга тийиш экендиги белгиленсин. (КР 2012-жылдын 25-майындагы №65 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203280/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203280/st-6)
