# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203279)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 10-июнундагы № 35 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203279/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4320/edition/454464/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203279/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө, 1-берене (10.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203279/st-1

---

"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 1997-жылдын 12-февралы, № 8) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

1. 15-статьяда:

1-бөлүгүндөгү ", бирок бөлүштүрүүчү ишкана электр менен жабдууга типтүү контракттын максаттарына жана баяндалышына каршы келбеген укуктар жана милдеттер жөнүндө кошумча шарттарды энергетика боюнча ыйгарым укуктуу органдын кароосуна киргизе алат" деген үчүнчү сүйлөм алып салынсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "Типтүү контракт электр энергиясынын үзгүлтүгүнүн жана/же керектөөчүлөрдү эскертүүсүз өчүрүүнүн натыйжасында топтолгон анык зыянды компенсациялоо боюнча милдеттүү тартипте жөнөтүүчүнүн милдетин камтыш керек.".

2. 15-1-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи сүйлөмдөр менен толукталсын: "Форс-мажордук жагдайлардан тышкары, электр энергиясын жөнөтүүчү керектөөчүнү алдын ала эскертүүсүз энергия булагын өчүрүп салууга укугу жок. Керектөөчүнү алдын ала эскертүүсүз өчүргөн учурда, анын ичинде трансформатордук кичи станциялардын катардан чыгышынын себеби боюнча, электр энергиясынын булактарына кошуу боюнча чыгымдар жөнөтүүчүнүн эсебинен жүргүзүлөт.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203279/st-2)
