1-берене
Күчүндө · 10.06.2011 редакциясы
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 1997-жылдын 12-февралы, № 8) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
1. 15-статьяда:
1-бөлүгүндөгү ", бирок бөлүштүрүүчү ишкана электр менен жабдууга типтүү контракттын максаттарына жана баяндалышына каршы келбеген укуктар жана милдеттер жөнүндө кошумча шарттарды энергетика боюнча ыйгарым укуктуу органдын кароосуна киргизе алат" деген үчүнчү сүйлөм алып салынсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "Типтүү контракт электр энергиясынын үзгүлтүгүнүн жана/же керектөөчүлөрдү эскертүүсүз өчүрүүнүн натыйжасында топтолгон анык зыянды компенсациялоо боюнча милдеттүү тартипте жөнөтүүчүнүн милдетин камтыш керек.".
2. 15-1-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи сүйлөмдөр менен толукталсын: "Форс-мажордук жагдайлардан тышкары, электр энергиясын жөнөтүүчү керектөөчүнү алдын ала эскертүүсүз энергия булагын өчүрүп салууга укугу жок. Керектөөчүнү алдын ала эскертүүсүз өчүргөн учурда, анын ичинде трансформатордук кичи станциялардын катардан чыгышынын себеби боюнча, электр энергиясынын булактарына кошуу боюнча чыгымдар жөнөтүүчүнүн эсебинен жүргүзүлөт.".
Берененин тексти 10.06.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203279/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>