# 9-берене. Транспорт каражаттарында ичүүчү суу менен камсыздоо системасынын коопсуздугу боюнча талаптар

- Документ: [Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203278)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-майындагы № 34 "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4319/edition/800600/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203278/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 9-берене (28.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-9

---

1. Үч сааттан ашык жолдо жүргөн транспорт каражаттарында (темир жол поезддеринде жана аба кемелеринде, алыска баруучу автобустарда жана башка транспорт каражаттарында) ичүүчү суу менен камсыздоо ичүүчү суу менен камсыздоонун системасын уюштуруу аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Транспорт каражаттарында ичүүчү суу менен камсыздоонун системасы аркылуу берилүүчү ичүүчү суу ушул Мыйзамдын 1-тиркемесинде белгиленген ичүүчү суунун коопсуздугу боюнча талаптарга ылайык келиши керек.

3. Транспорт каражаттарында ичүүчү сууну сактоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилген, ылайыктуулугун ырастоо жөнүндө документтери бар материалдан даярдалган идиштерде болушу керек.

4. Транспорт каражатын пайдаланууну жүзөгө ашыруучу адамдар транспорт каражаттарында ичүүчү суу менен камсыздоонун системасын тиешелүү түрдө пайдаланууну камсыз кылууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүүгө алуу жыштыгы менен коопсуздук боюнча талаптарга ичүүчү суунун ылайык келишине өндүрүштүк контролду камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-10)
