# 8-берене. Ичүүчү суу менен камсыздоо чөйрөсүндө пайдаланылуучу материалдарга, реагенттерге, жабдууларга жана технологияларга талаптар

- Документ: [Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203278)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-майындагы № 34 "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4319/edition/800600/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203278/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 8-берене (28.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-8

---

1. Сууну даярдоо жана ичүүчү сууну бөлүштүрүү үчүн пайдаланылуучу материалдар, реагенттер жана жабдуулар сууга тийгенде ушул Техникалык регламент менен белгиленген ченемдерден ашпаган сандагы адамдын ден соолугу үчүн зыяндуу аралашмаларды бөлүп чыгарбоого тийиш.

2. Ичүүчү суу менен камсыздоо системаларында колдонулуучу жана ичүүчү сууну ташуу үчүн идиштерди даярдоо процессинде пайдаланылуучу материалдар, реагенттер, жабдуулар адамдардын ден соолугуна мүмкүн болгон терс таасирдин алдын алуу үчүн аларды пайдалануунун белгиленген талаптарына жана эрежелерине ылайык келүүгө тийиш.

3. Ичүүчү суу менен камсыздоо системасында колдонулуучу технологиялык жабдуулар гигиеналык талаптарга, ошондой эле жарылуу, өрт чыгуу жана экологиялык коопсуздук талаптарына жооп берүүгө жана кызматкерге зыяндуу жана кооптуу факторлордун аракетин алып салууга тийиш.

4. Ичүүчү сууда аны иштетүү процессинде келген жана түзүлгөн химиялык заттар ушул Мыйзамдын 1-тиркемесинде (D бөлүгү) белгиленген коопсуздуктун ченемдик көрсөткүчтөрүнөн ашпашы керек.

5. Ушул Мыйзамдын 1-тиркемесинде (D бөлүгүндө) регламенттелбеген, кайсы болбосун башка бир химиялык заттарды коопсуздукка зарыл болгон сыноолордон өткөзмөйүн колдонууга тыюу салынат.

6. Жеке жана юридикалык жактар ичүүчү суунун көрсөткүчтөрүн дезинфекциянын кыйыр продуктары менен төмөндөтпөстөн, аны натыйжалуу дезинфекциялоону камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-9)
