# 7-берене. Ичүүчү суунун коопсуздугу боюнча жалпы талаптар

- Документ: [Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203278)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-майындагы № 34 "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4319/edition/800600/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203278/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 7-берене (28.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-7

---

1. Суу менен камсыздоонун борбордоштурулган жана автономдуу системасынан, транспорттогу суу менен камсыздоо системасынан, үй ичиндеги бөлүштүрүүчү системалардан, борбордоштурулбаган суу булактарынан алынган суулар эпидемиялык жана радиациялык жагдайда коопсуз, химиялык курамы боюнча зыянсыз болушу керек жана ушул Техникалык регламенттин минималдуу талаптарына ылайык жагымдуу органолептикалык касиетке ээ болууга тийиш.

Борбордоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо системалары, үй ичиндеги бөлүштүрүүчү системалар, ичүүчү суу менен камсыздоонун автономиялуу системалары аркылуу керектөөчүлөргө берилүүчү ичүүчү суу ушул Мыйзамдын 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн коопсуздук боюнча талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Борбордоштурулбаган суу булактарынан алынган суу ушул Мыйзамдын 1(В, С бөлүктөрү) жана 2-тиркемелеринде белгиленген минималдуу талаптарга ылайык келиши керек.

2. Ушул Техникалык регламент менен белгиленген ичүүчү суунун коопсуздугунун ченемдик көрсөткүчтөрү төмөнкү жерлерде текшерилет:

- бөлүштүрүүчү системанын кранынын чоргоосунан (үй ичиндеги кран, көчөдөгү колонка);

- идиштин (цистернанын) чоргосунан;

- суунун идишке (цистернага) куюлган жеринен;

- тамак-аш азыктарын чыгаруу боюнча ишканаларда суу пайдаланган жерлерден.

3. Суу менен камсыздоонун борбордоштурулган жана борбордоштурулбаган системаларындагы ичүүчү суунун коопсуздугу төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ичүүчү суу менен камсыздоо булактарын тандоо;

- ичүүчү суу менен камсыздоо булактарын жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын булгануудан коргоону уюштуруу жана камсыз кылуу;

- ичүүчү суу менен камсыздоо булактарын калкты ичүүчү суу менен камсыздоо максатында пайдалануу үчүн жарактуу болгон абалда кармап туруу боюнча чараларды ишке ашыруу;

- адам үчүн коопсуздук талаптарына жооп берген жабдууларды, материалдарды жана реагенттерди ичүүчү суу менен камсыздоо системаларында колдонуу;

- ичүүчү суунун коопсуздук талаптарына ылайык келишин камсыз кылуучу ичүүчү сууну даярдоонун колдонуудагы эң мыкты технологияларын колдонуу;

- ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын техникалык эксплуатациялоого коюлуучу талаптарды аткаруу;

- ичүүчү сууда химиялык заттардын концентрацияларынын, микроорганизмдердин, мите агенттердин жогорку коопсуздук көрсөткүчтөрүнүн ченемдеринин жана радиациялык фонунун көбөйүшүнө жол бербөө;

- өндүрүштүк контролдоо программаларын жүзөгө ашыруу;

- ичүүчү сууга, ичүүчү суу менен камсыздоо булактарына жана системаларына, бирдей методикаларды жана өлчөө каражаттарын пайдаланууга коюлуучу талаптарды сактоо үчүн мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;

- суу түтүктөрүнүн жумушчуларын профилактикалык медициналык кароодон өткөрүү.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-8)
