# 6-берене. Ичүүчү суунун коопсуздугун камсыз кылуу принциптери

- Документ: [Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203278)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-майындагы № 34 "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4319/edition/800600/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203278/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 6-берене (28.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-6

---

1. Ичүүчү суунун коопсуздугу жаатындагы мамилелерди укуктук жөнгө салуу төмөнкү принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:

- калкты коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн жеке жана юридикалык жактардын жоопкерчиликтери;

- ичүүчү сууну чыгарууга, ташууга, сактоого жана сатууга коопсуздук талаптарынын аткарылышын милдеттүү түрдө сактоо жана колдонуу;

- белгиленген тартипте коопсуздуктун ченемдик көрсөткүчтөрүнө ылайыктуулугун баалоону жүргүзүү;

- өндүрүүдө, ташууда, сактоодо жана сатууда ичүүчү суунун коопсуздугунун мониторингин уюштуруу;

- ичүүчү сууну өндүрүүдө, ташууда, сактоодо жана сатууда мамлекеттик жөнгө салуу чараларын колдонуу;

- ичүүчү суунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ченемдик документтердин талаптарынын жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарылышы;

- сууну өндүрүүнүн бардык этаптарында тобокелдикке жана кооптуу контролдук чекиттерге талдоо жүргүзүү менен ичүүчү суунун коопсуздугун башкаруу системасын киргизүү жана ичүүчү сууну эл аралык стандарттардын негизинде берүү;

- өндүрүштүк контролдоо программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу.

2. Ичүүчү сууда ченемдер белгиленбеген заттар болгондо жеке жана юридикалык жактар чектик жол берилүүчү концентрацияларды белгилөө боюнча иштерди жүргүзүүнү камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-7)
