# 5-берене. Ушул Техникалык регламенттин колдонулуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

- Документ: [Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203278)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-майындагы № 34 "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4319/edition/800600/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203278/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 5-берене (28.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-5

---

1. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын колдонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына таянат жана ушул Мыйзамдан, башка мыйзамдарынан жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

2. Ичүүчү суу менен камсыздоону жүзөгө ашырууда ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо жаатындагы мамилелер "Ичүүчү суу жөнүндө" жана "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

3. Керектөөчүлөр менен жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы мамилелер ичүүчү сууну берүү (алуу) жагдайы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

4. Ичүүчү суу менен камсыздоо системасын жайгаштыруу, куруу жана эксплуатациялоого байланыштуу келип чыккан суу объекттерин, жерлерди, кен байлыктарды, токойлорду жана жаратылыш чөйрөсүнүн башка компоненттерин ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү мамилелер Кыргыз Республикасынын кен байлыктар жөнүндө мыйзамдары, ошондой эле суу, жер, токой, шаар куруу мыйзамдары менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-6)
