# 3-берене. Техникалык жөнгө салуу объекттери

- Документ: [Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203278)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-майындагы № 34 "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4319/edition/800600/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203278/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 3-берене (28.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-3

---

1. Ушул Техникалык регламенттин техникалык жөнгө салуу объекттерине төмөнкүлөр кирет:

- ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасындагы ичүүчү суу (борбордоштурулган, борбордоштурулбаган, автономдуу, транспортто суу менен камсыз кылуу системасы, жалпы жана үй ичиндеги бөлүштүрүүчү системалар);

- адамдар ичүү үчүн жана тамак-аш өндүрүшүндө колдонулууга багытталган ичүүчү суу;

- адамдар ичүү үчүн пайдалануучу цистерналарга, диспенсерлерге жана башка идиштерге (челектерге, чакаларга, флягаларга) куюлган ичүүчү суу.

2. Ушул Техникалык регламенттин аракети төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

- минералдык ичүүчү, дарылык жана дарылык-ашканалык сууларга;

- табигый ичүүчү ашкана сууларына, сыйымдуулуктарга куюлган (бөтөлкөлөр, контейнерлер);

- медициналык азык болуп эсептелинүүчү сууларга;

- техникалык максаттар үчүн арналган сууларга;

- геотермалдык сууларга;

- ысык суу менен камсыздоо системасындагы сууларга;

- суу даярдоого чейинки булак сууларына;

- суу бөлүү объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча техникалык талаптарга.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-4)
