# 18-берене. Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө маалымат

- Документ: [Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203278)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-майындагы № 34 "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4319/edition/800600/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203278/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 18-берене (28.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-18

---

1. Ичүүчү суу ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык эместиги табылганда чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын эксплуатациялоочу жеке жана юридикалык жактар жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарына, саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана ичүүчү сууну керектөөчүлөргө ылайык эместикти жоюу боюнча чаралар жөнүндө токтоосуз маалымдайт.

2. Ичүүчү суу жөнүндө маалымат өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- ичүүчү суунун көрсөткүчтөрү ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайыктыгы же ылайык эместиги жөнүндө;

- чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо булактарындагы суунун булганышы же болжолдонуп жаткан начарлашы жөнүндө;

- көрсөткүчтөрү боюнча ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык келбеген, ден соолукка коркунучу бар ичүүчү сууну пайдалануудагы сактык чаралары жөнүндө;

- ичүүчү сууну берүүнүн режими өзгөргөнү жөнүндө;

- өзгөчө кырдаалдарда керектөөчүлөргө ичүүчү суу берүүчү жер жана убактысы жөнүндө;

- коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча ичүүчү суунун ылайык эместигин жараткан себептерди жоюу мөөнөттөрү жөнүндө.

3. Өндүрүштүк контролдун, мамлекеттик көзөмөлдүн натыйжасында алынган ичүүчү суу жөнүндө маалымат керектөөчүлөргө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык башка жол менен берилет.

4. Ичүүчү сууну керектөөчүлөр суунун коопсуздугу жөнүндө туура маалыматты алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-19)
