# 17-берене. Ичүүчү суунун коопсуздугунун мониторинги

- Документ: [Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203278)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-майындагы № 34 "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4319/edition/800600/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203278/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 17-берене (28.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-17

---

1. Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын эксплуатациялоочу жеке жана юридикалык жактар ичүүчү суунун коопсуздугу жана суу тазалоонун натыйжалуулугу жөнүндө маалымат алуу максатында керектөөчүлөргө берилүүчү ичүүчү суунун мониторингин жүзөгө ашырат.

2. Ичүүчү суунун коопсуздугунун көрсөткүчтөрү боюнча изилдөөлөр төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

- чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борбордоштурулган системаларынан ушул Мыйзамдын 5-тиркемесине ылайык;

- чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борбордоштурулбаган системаларынан ушул Мыйзамдын 2-тиркемесине ылайык.

3. Ичүүчү сууну текшерүүгө алуу жана изилдөө жыл ичинде системалуу жүргүзүлөт.

4. Ичүүчү сууга мониторинг жүргүзүү программасы чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын эксплуатациялоочу жеке жана юридикалык жактар тарабынан ушул Мыйзамдын 2, 5 жана 6-тиркемелерине ылайык саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча иштелип чыгат.

5. Ичүүчү сууда ченемдик көрсөткүчтөрү белгиленбеген, адамдын ден соолугу үчүн потенциалдуу коркунучтуу заттар же микроорганизмдер бар экени жөнүндө негиздүү күмөн пайда болгондо сууну кошумча текшерүү жүргүзүлөт.

6. Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын эксплуатациялоочу жеке жана юридикалык жактар жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген эрежелерге жана усулдарга ылайык ичүүчү сууга лабораториялык изилдөө жүргүзүүнүн эрежелерин сактоого милдеттүү.

7. Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын эксплуатациялоочу жеке жана юридикалык жактар ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө талаш маселелерди чечүү үчүн көз каранды эмес аккредиттелген лабораторияларда изилдөөлөрдү жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-18)
