# 16-берене. Мамлекеттик көзөмөл

- Документ: [Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203278)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-майындагы № 34 "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4319/edition/800600/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203278/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 16-берене (28.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-16

---

1. Мамлекеттик көзөмөлдүн максаты ичүүчү суунун тиешелүү сыноолор жана өлчөөлөр менен коштолуучу байкоо жүргүзүү процессинде коопсуздугу боюнча белгиленген көрсөткүчтөргө ылайыктуулугун баалоо, ошондой эле ушул Техникалык регламенттин талаптарынын бузулушунун алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу болуп эсептелет.

2. Ичүүчү суунун коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөл ушул Мыйзамдын 3-беренесине ылайык техникалык жөнгө салуунун объекттеринде, аны чыгаруунун жана сатуунун бардык этаптарында жүргүзүлөт.

3. Ичүүчү суунун коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өз компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.

4. Мамлекеттик көзөмөл төмөнкүдөй текшерүүлөрдү камтыйт:

- суу топтолгон жердин, санитардык коргоо зоналарынын абалын жана ичүүчү сууну даярдоо, ташуу жана сактоо процесстерин;

- ичүүчү суу менен байланышта болгон борбордоштурулган жана жекече техникалык каражаттарды, материалдарды жана реагенттерди;

- бөлүштүрүүчү тармактарда суунун коопсуздугу боюнча ченемдик көрсөткүчтөрдү, анын ичинде турак жай жана коомдук имараттарда, билим берүү, саламаттык сактоо, коомдук тамактануу жана тамак-аш өнөр жайы мекемелеринде, транспортто сактоону;

- ичүүчү сууга мониторинг жүргүзүүнүн планын ишке ашырууну.

5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өз компетенциясынын чектеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:

- ичүүчү сууну берүүчү ишканалардын жана тамак-аш өнөр жай ишканаларынын аймактарына кирүүгө;

- суу менен камсыздоо ишканаларынын аймактарын жана өндүрүш жайларын инспекциялоого;

- изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн сууну жана ичүүчү суу менен түздөн-түз байланышта турган заттардын жана буюмдардын үлгүлөрүн текшерүүгө алууга;

- жеке жана юридикалык жактардын ушул Техникалык регламенттин талаптарын аткарууларына текшерүүнү жүзөгө ашырууга;

- ден соолук үчүн тобокел келтирүүчү ченемдик көрсөткүчтөр олуттуу ылайык келбегенде борбордоштурулган жана автономдуу суу менен жабдуу системаларын эксплуатациялоону токтотууга;

- ичүүчү суунун коопсуздук көрсөткүчтөрүнүн аныктоочу санын кеңейтүү жана изилдөөлөрдүн кайталанышын көбөйтүү жөнүндө чарбалык-ичүүчү суу менен камсыз кылган жеке жана юридикалык жактарга жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү жиберүүгө.

6. Пландуу мамлекеттик көзөмөлдүн мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

7. Адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн тобокелдик көбөйгөн учурда мамлекеттик көзөмөл төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылат жана жүргүзүлөт:

- форс-мажордук кырдаалдардан кийин;

- кырсык кырдаалдарын жойгондон кийин;

- ичүүчү сууну даярдоо боюнча суу түтүктөрү курулуп же реконструкцияланып бүткөндөн кийин;

- калктан даттануу түшкөндө;

- суунун булганышы менен байланышы бар болгон инфекциялык же инфекциялык эмес оорулар, эпидемиялар пайда болгондо;

- башка өзгөчө кырдаалдарда.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-17)
