# 15-берене. Ичүүчү суунун коопсуздугун өндүрүштүк (ички) контролдоо

- Документ: [Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203278)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-майындагы № 34 "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4319/edition/800600/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203278/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 15-берене (28.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-15

---

1. Өндүрүштүк контролдоо ичүүчү сууну өндүрүү, ташуу, сактоо жана утилдештирүү процессинде тобокелдикти баалоонун натыйжалары боюнча ичүүчү суунун адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна мүмкүн болгон зыяндуу таасиринин алдын алуу максатында чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын эксплуатациялоочу юридикалык жана жеке жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Ичүүчү суунун коопсуздугун өндүрүштүк контролдоо программасы жергиликтүү шарттарды эске алуу менен чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын эксплуатациялоочу жеке жана юридикалык жактар тарабынан иштелип чыгат жана өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу, утилдештирүү этаптарында жүзөгө ашырылат жана саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылат.

3. Өндүрүштүк контролдоо программасы сууну текшерүүгө алуучу жерлерди жана мезгилдүүлүгүн, талдоого алынуучу көрсөткүчтөрдүн түрлөрүн жана тизмегин белгилейт. Сууну текшерүүгө алуунун көрсөткүчтөрүнүн түрү жана мезгилдүүлүгү ушул Мыйзамдын 3, 4, 6 жана 7-тиркемелеринде белгиленген талаптарды эске алуу менен аныкталат.

4. Ичүүчү суунун коопсуздугунун көрсөткүчтөрүнүн контролдонуучу тизмеги суу даярдоонун технологиясын пайдалануучу ичүүчү суу менен камсыздоо булагынын санитардык ишенимдүүлүгүнө жараша белгиленет.

5. Ичүүчү суунун коопсуздугун өндүрүштүк контролдоо чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын эксплуатациялоочу жеке жана юридикалык жактардын лабораториясы же башка лабораториялар тарабынан камсыз кылынат.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-16)
