# 13-берене. Ичүүчү суунун коопсуздук ченемдерине ылайык келбегендиги табылганда көрүлүүчү чаралар

- Документ: [Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203278)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-майындагы № 34 "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4319/edition/800600/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203278/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 13-берене (28.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-13

---

1. Жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, пестициддер жана агрохимикаттар менен иштөөнүн коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо булактарынын булганышы жөнүндө жана суунун сапатынын болжолдонгон начарлашы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарына, ошондой эле саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактарга маалымат берет.

2. Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурларда, ошондой эле региондогу кырдаалды эске алуу менен белгиленген мезгил убактысына ушул Мыйзамдын 1 жана 2-тиркемелеринде белгиленбеген ичүүчү суунун коопсуздугунун кошумча көрсөткүчтөрү киргизилет.

3. Коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча ичүүчү суунун ылайык эместиги табылганда, суу менен камсыздоо системасын эксплуатациялоочу жеке жана юридикалык жактар сууну кайталап изилдөөнү токтоосуз жүргүзөт, булгануунун себептерин белгилейт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарына, ошондой эле саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына бул жөнүндө маалымдайт.

4. Ичүүчү сууда коопсуздук боюнча ченемдик көрсөткүчтөр жогору болушу белгиленгенде, аны пайдаланууга тыюу салуу же болбосо чектөө боюнча чаралар жана (же) адамдардын ден соолугун коргоо боюнча башка чаралар көрүлөт. Чараларды көрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

5. Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системаларынын иштеши бузулганда жана (же) ичүүчү суунун ченемдик көрсөткүчтөргө ылайык келбестик себептерин четтетүү мүмкүн болбогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация органдары, жеке жана юридикалык жактар керектөөчүлөрдү резервдеги булактардан суу менен камсыз кылуу же сууну жеткирип берүү боюнча чараларды көрөт.

6. Керектөөчүлөр ичүүчү суунун сапатынын начарлап кеткенине даттануу менен кайрылганда, чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын эксплуатациялоочу юридикалык жана жеке жактар суунун сапатынын начарлашынын себебин белгилешет жана зарыл болгондо арыз ээсине маалымат берүү менен бирге кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүшөт.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-14)
