# 12-берене. Үй ичиндеги бөлүштүрүүчү системаларды пайдаланууда ичүүчү суунун коопсуздугу боюнча талаптар

- Документ: [Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203278)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-майындагы № 34 "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4319/edition/800600/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203278/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 12-берене (28.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-12

---

1. Үй ичиндеги бөлүштүрүүчү системаларды эксплуатациялоочу жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- керектөөчүлөрдү ушул Мыйзамдын 1-тиркемесинде белгиленген ченемдерге ылайык келүүчү коопсуз ичүүчү суу менен;

- ичүүчү сууну үзгүлтүксүз берүүнү;

- суу берүү режиминин өзгөрүшү жөнүндө керектөөчүлөрдү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын маалымдоону;

- химиялык, радиологиялык, микробиологиялык көрсөткүчтөрү боюнча ичүүчү суунун сапатынын начарлоо себептерин таап чыгууну;

- үйдөгү бөлүштүрүүчү системаларды тиешелүү абалда кармоо, кырсыктарды болтурбоо жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды жүзөгө ашырууну.

2. Үйдөгү бөлүштүрүүчү системаларда ичүүчү суу коопсуздук боюнча талаптарга ылайык келбегенде ылайык келбестиктин себептерин четтетүү боюнча чараларды көрүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-13)
