# 11-берене. Борбордоштурулган жана автономдуу суу менен камсыздоо булактарына, булактарды жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын санитардык коргоо зоналарына талаптар

- Документ: [Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203278)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-майындагы № 34 "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4319/edition/800600/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203278/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 11-берене (28.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-11

---

1. Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системалары үчүн булакты тандоо керектөөчүлөрдү жетишээрлик өлчөмдөгү коопсуз ичүүчү суу менен туруктуу камсыздоо, суу булактарын санитардык коргоо жана суу менен камсыздоо системаларынын технологиялык ишенимдүүлүк принциптерине негизденет.

2. Борбордоштурулган жана автономдуу чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн булактардын жарактуулугу ушул Мыйзамдын 3, 4-тиркемелерине ылайык белгиленет.

3. Ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын долбоорлоодо коопсуздук боюнча талаптарга ылайык келүүчү ичүүчү сууну камылгалаган ичүүчү суу менен камсыздоо жаатындагы колдонулуп жаткан технологиялардын эң мыктысы, прогрессивдүү техникалык чечимдер, технологиялык процесстерди автоматташтыруулар пайдаланылышы керек.

4. Ичүүчү сууну даярдоонун технологиялык схемаларын тандоого жана негиздөөгө талаптар суу түтүктөрүн пайдалануунун эсептелген мөөнөтүндө, суу булактарында суунун курамынын өзгөрүшүн болжолдуу баалоого жана салыштырылуучу технологиялардын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө жараша белгиленет.

5. Ичүүчү суу менен камсыздоо булактарын жана системаларын булгануудан коргоо санитардык коргоо зоналарын уюштуруу менен камсыз кылынат. Ичүүчү суу менен камсыздоо булагы катары суу объектисин пайдаланууга санитардык коргоо зонасын белгилемейинче жол берилбейт.

6. Ичүүчү суу менен камсыздоо булагы катары пайдаланылуучу суу объекттерин санитардык коргоо зоналары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

7. Суу менен камсыз кылуу булактарын жана чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын санитардык коргоо зоналарында режимдин чектери жана өзгөчөлүктөрү суу түтүктөрүнүн санитардык коргоо зоналарынын долбооруна ылайык белгиленет.

8. Булактарды жана чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын санитардык коргоо зоналарында чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүчү адамдар суу булагынын булганышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-12)
