# 10-берене. Суу менен камсыздоонун борбордоштурулбаган системаларында ичүүчү суунун коопсуздугу боюнча талаптар

- Документ: [Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203278)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-майындагы № 34 "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4319/edition/800600/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203278/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 10-берене (28.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-10

---

1. Борбордоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасы жокто, алардын иштөө режими бузулган учурларда, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда борбордоштурулбаган ичүүчү суу менен камсыздоо колдонулат.

2. Борбордоштурулбаган ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн жер астындагы булактардын суусу (булактар, жер катмарындагы жана артезиан суулары) пайдаланылат.

3. Борбордоштурулбаган системалардан алынуучу ичүүчү суу ушул Мыйзамдын 2-тиркемесинде белгиленген коопсуздук ченемдерине ылайык келүүгө тийиш.

4. Борбордоштурулбаган ичүүчү суу менен камсыздоо системасын пайдалануучу адамдар төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- аларды тиешелүү абалда кармап турууну;

- ичүүчү суунун сапатынын коопсуздук ченемдерине ылайык келишине контролду;

- ичүүчү сууну натыйжалуу дезинфекциялоону;

- уруксат берилген жана сертификатталган материалдарды жана реагенттерди пайдаланууну;

- булактын аймагын булгануудан коргоону.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203278/st-11)
