# КР 2011-жылдын 19-майындагы № 28 ""Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 19-майындагы № 28 ""Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203272>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4313/edition/422406/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203272.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2011-жылдын 19-майындагы № 28 ""Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы (19.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203272

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 19-майы № 28

"Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203272/st-1)

"Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2011-жылдын 5-апрели, № 25) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 3-берененин 1-тиркемесине жана 4-берененин 2 жана 2-1-тиркемелерине бюджеттик классификациянын төмөнкү статьялары боюнча 1000000,0 миң сом чыгашаларды кыскартуу боюнча өзгөртүүлөр киргизилсин:

"башка кызматтарды сатып алуу" - 6,5 пайызга же 214803,3 миң сомго; "имараттар жана курулмалар" - 11,7 пайызга же 741433,3 миң сомго; "машиналар жана жабдуулар" - 5,1 пайызга же 43763,4 миң сомго.

2. 3-берененин 1-тиркемесине жана 4-берененин 2 жана 2-1-тиркемелерине бюджеттик классификациянын төмөнкү статьялары боюнча 1000000,0 миң сом чыгашаларды көбөйтүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилсин:

"калкты социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпул" - 11,5 пайызга же 400000,0 миң сомго; "калкка социалдык жардам берүү боюнча жөлөкпул" - 5,1 пайызга же 600000,0 миң сомго.

3. 5-берененин 2-бөлүгүндөгү "5650226,9" деген цифралар "5250226,9" деген цифраларга алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203272/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203272/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева

"Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамына № 1 тиркеме

"Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамына № 2 тиркеме

"Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамына № 2-1 тиркеме
