# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203271)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 19-майындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203271/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4312/edition/607310/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203271/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу, 1-берене (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203271/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 3, 279-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 7 жана 8-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7-статья. Кыргыз Республикасынын бажы тарифин колдонуу

Кыргыз Республикасынын бажы тарифи Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата алып кирүүдөгү (импорттук) бажы алымдарынын ставкалары түрүндө колдонулат. Айрым учурларда Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан алынып чыгуучу товарларга алып чыгуудагы (экспорттук) бажы алымдары колдонулушу мүмкүн. Ушул Мыйзамда каралгандан тышкаркы учурларда бажы алымдарынын ставкалары товарларды Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүчү адамдарга, бүтүмдүн түрлөрүнө жана башка факторлорго карата бирдей болот жана өзгөртүүгө жатпайт. Кыргыз Республикасынын бажы тарифи Кыргыз Республикасынын ДСУнун мүчөсү катары милдеттенмелеринин алкактарына байланыштуу.

---

Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203271/st-8)
